Улуттук банк: эгерде «Мегакомду» сатып алуу сунушу түшсө карап көрүүгө даярбыз

Улуттук банк: эгерде «Мегакомду» сатып алуу сунушу түшсө карап көрүүгө даярбыз

Кечээ, 29-июлда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «Мегаком» компаниясын сатып алуу Улуттук банкка да сунушталаары айтылды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эгер андай сунуш түшсө УБ аны карап көрүүгө даяр экендигин айтты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Альфа Телеком» компаниясын сатуу Экономика министрлигине сунушталган жана ал Министрлер кабинетинен өтүп, учурда парламентке каралууга келгенин билдирип, «Мегаком» компаниясын сатып алуу Улуттук банкка дагы сунушталарын кошумчалады.

«Негизи УБ сатып алуучулардын бири катары чыгышы мүмкүн. Бул кабинеттин кароосунда. Эгерде УБ сатып ала турган болсо, анда ал мамлекеттин үлүшү катары эле калат», – деди Бакиров.

Депутат Улугбек Ормонов мамлекеттик мүлк кайра эле мамлекетке сатылабы деген суроону ортого коюп, УБтын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго кайрылды.

«Азырынча УБга мындай сунуш боло элек. Бирок эгерде тиешелүү чечимдер кабыл алынса, сунушту изилдеп көрүп, тиешелүү чечим жасоого даярбыз», – деди УБнын төрагасы.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондун (14.9%), «Керемет» банкты (0.74%) жана Евразиялык сактык банкын (76.56%) сатуу сунушун колдоду.

 «Мегаком» компаниясынын баасын көз карандысыз компания аныктагандан кийин ал аукцион, конкурс же түз сатуу аркылуу сатылат.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Салык кызматы 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук сигаретти кармады

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган никотини бар электрондук тамекилерди саткан соода жайы аныкталды. Соода түйүнү борбор калаанын 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлө бөлмөсүндө жайгашкан. Маалыматка ылайык, бул соода ишин жаран Э.Д.Ж. жетектеп келген. Өнүмдөр алдын ала уюштурулган жеткирүү схемасы аркылуу курьердик

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

"Бир айыл — бир продукт" долбооруна катышкан улуттук бренддер сынагы өттү

Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү: * 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу); * 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси&

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал