Аскар Акаев Бишкекке учуп келди – учурда ал УКМКнын имаратында

Аскар Акаев Бишкекке учуп келди – учурда ал УКМКнын имаратында

Азыркы учурда Акаев УКМКнын имаратында, ал жерде Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тийиштүү тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө деп билдирди УКМК.

Мурда маалымдалгандай, «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган.

Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөө амалдарынын жыйынтыктары жана процессуалдык чечимдер тууралуу, анын ичинен Аскар Акаев боюнча, УКМК кошумча маалыматты коомчулукка өз убагында берип турат деп белгиледи аталган комиеттин маалымат кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Муниципалдык кызматчынын этикасын сактабагандыгы үчүн  жогорку билим берүү министри кызматтан кетти

Муниципалдык кызматчынын этикасын сактабагандыгы үчүн жогорку билим берүү министри кызматтан кетти

Бактияр Орозов КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгына ылайык токтом кылынды. Бул тууралуу

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуу фактылары аныкталып, тиешелүү прокурордук акт киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан, жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуу бассейни 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская атындагы айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик учурлары келип чыккан учурда салымчыларга компенсация төлөп берүү үчүн банк-агенттерди алдын ала тандоонун жаңы тартибин бекиткен жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, сунушталып жаткан документтин негизги максаты — төлөмдөрдүн башталыш мөөнөтүн кыскартуу жана аманаттарды коргоо тутумунун натыйжалуулугун

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Экономика жана коммерция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өлкөдө өсүү борборлорун алгачкы пландаштыруу боюнча биринчи бирдиктүү методологияны иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Демилге Россия-БУУӨП өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоордун (III фаза) эксперттик колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Бул методология Министрлер Кабинетинин 2025-2030-жылдарга карата