Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады.

Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды.

Окуя жума күнү Эль-Альто шаарында болгон. Боливиянын аскер-аба күчтөрүнө таандык учак конууга аракет кылып жатканда эл көп жүргөн автоунаа жолуна кулап түшкөн. Алгач учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, автоунаалар менен кагышкан деп кабарланган. Бирок кийин Коргоо министрлиги учак конуу маалында кулаганын тактады.

Сегиз экипаж мүчөсүнүн алтоо аман калган, бирөө дайынсыз болуп эсептелүүдө.

Бийликтин маалыматы боюнча, учак өлкөнүн Борбордук банкы үчүн акча ташып бара жаткан. Кырсыктан кийин окуя болгон жерге жергиликтүү тургундар агылып келип, учактан чачылган акчаларды чогултууга аракет кылышкан. Бул куткаруучулар менен дарыгерлердин ишине тоскоолдук жараткан.

Топту таркатуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Акчаны уурдоого шектелип кеминде 12 адам кармалган.

Боливиянын Борбордук банкы жарандарды уурдалган банкнотторду кайтарып берүүгө чакырып, алар мыйзамдуу төлөм каражаты эмес экенин, анткени жүгүртүүгө чыгарыла электигин билдирди.
Окуянын фонунда полиция адамдар акчаны алып кетүүгө аракет кылып жаткан шартта банкнотторду кырсык болгон жерде жок кыла баштаган. "Бул банкноттор мыйзамдуу төлөм каражаты эмес, алар жүгүртүүдө жок. Ошондуктан биз аларды жок кылууга кириштик", — деди Борбордук банктын башчысы Давид Эспиноса.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды