Баткендеги контрабанда – КММны Тажикстанга жашыруун өткөргөн шланг табылды
Баткендин Лейлек районунда Тажикстанга күйүүчү-майлоочу майларды жашыруун өткөргөн шланг табылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн КММны сордуруучу шлангды Интернационал айылында аткезчиликке каршы иш-чаралардын жүрүшүндө табышкан.
Ошондой эле чек арачылар КММны ташыган жүк ташуучу унаалардын издерин дагы табышканы белгилүү болду.