Бизнес президентти экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койбоого чакырат

Бизнес президентти экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койбоого чакырат

Бизнес президентти экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койбоого чакырат. Бул тууралуу базарлардын, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков бүгүн, 2-августта брифингде билдирди.

Ташибеков мамлекет башчысын документти макулдашуу комиссиясына кайтарып берүүгө чакырды. Ал жерден эксперттер тобу, мамлекеттин жана калктын өкүлдөрү экономикага зыян келтирбей, пайда алып келе тургандай кылып мыйзам долбоорун иштеп чыгаарын билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда экономикага өзгөчө кырдаал режимин алты айга киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынган болчу.

Ташибеков белгилегендей, мыйзам долбоору бизнес коомчулугу менен макулдашылган эмес. «Министрлер кабинети парламенттин каникулга кеткенинен пайдаланып, чукул чара катары бул мыйзамды бир тараптуу кабыл алды», – деди Ташибеков.

Мыйзамга ылайык, экономикага өзгөчө кырдаал төмөнкү учурларда парламенттин макулдугусуз киргизилет:

  • эгерде отчеттук мезгилде өткөн жылга салыштырмалуу баалар 3.5%га өскөн болсо
  • эгер тышкы карыздын суммасы 10%га көбөйсө
  • эгерде акыркы үч айда ИДПнын экономикалык компоненттери 10%га кыскарган болсо
  • эгерде үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү олуттуу төмөндөгөн болсо
  • эгерде акыркы үч айда салык чогултуу 10%га кыскарган болсо
  • эгерде акыркы чейректе инвестициялык абалдын начарлашы жана капиталдын 20%га чыгып кетиши байкалса.

Белгилей кетсек, коомдук талкуусуз жана жөнгө салуучу таасирин талдоосу жок эле демилгеленген бул мыйзам долбоору бизнес коомчулугуна жаккан эмес.

Бизнес-омбудсмен бизнес коомчулугу бул мыйзам долбоору тууралуу ЖМКдан билгендигине нааразы болгон эле. Робин Орд-Смит экономиканын калыбына келүүсүнө жетишүү үчүн мамлекет менен бизнес чөйрөсүнүн ортосунда диалог, анын ичинде бизнес чөйрөсүнө жана инвестициялык климатка түздөн-түз таасир этүүчү мыйзамдык демилгелерди коомдук талкууга салыш керек деп эсептейт.

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатында демилгеленген жана айрым ченемдер экономикалык туруктуулукка коркунуч туудурат деген пикирин айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.