«РСК Банк» ААК Raiffeisen Bank International менен кызматташтыгын токтотту
«РСК Банк» ААК 2021-жылдын 1-августунан баштап RAIFFEISEN BANK INTERNATIONAL AG менен корреспонденттик мамилелерин токтоткондугун жана евро акчалары менен корреспонденттик эсептерин жапкандыгын маалымдады. Бул тууралуу маалымат аталган банктын сайтында жарыяланды.
Raiffeisen Bank International – Австриянын ири банктык топторунун бири, кооперативдик банк. Штаб-квартирасы Венада жайгашкан.