Мамлекеттик антимонополия базарларды капыстан текшерүүгө алууну көздөп жатат

Мамлекеттик антимонополия базарларды капыстан текшерүүгө алууну көздөп жатат

КРнын Мамлекеттик монополияга каршы кызматы баалардын түзүлүшү үчүн базарларды капыстан текшерүү укугу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, азыр баалар кескин көтөрүлүп кетсе, аталган кызмат Экономика министрлигинин уруксатысыз текшерүү жүргүзө албайт.

Мамлекеттик монополияга каршы кызматтын башчысынын айтымында, мындай чаралар ишкерлердин алып сатарлык аракеттерине тезирээк жооп берүүгө жана бааны негизсиз жогорулатып жиберген учурда айып пул салуу жана тиешелүү чараларды колдонууга жардам берет.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Монополияга каршы мамлекеттик кызматы айып пулдар аркылуу мамлекеттик бюджетке 138 млн сом которгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 млн сомго көп.

Мындан тышкары окуңуз

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.