ОКӨФ эмерек фабрикасынын курулушуна 1 млн 73 миң доллар берет

ОКӨФ эмерек фабрикасынын курулушуна 1 млн 73 миң доллар берет

Орус-кыргыз өнүктүү Фонду SAARA EXCLUSIF эмерек фабрикасынын курулушуна 1 млн 73 миң доллар өлчөмүндө каражат берет. Бул тууралуу аталган Фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, долбоор керектүү инфраструктурасы бар заманбап эмерек цехин курууну, ошондой эле өндүрүштү автоматташтыруу үчүн жабдууларды сатып алууну камтыйт. SAARA EXCLUSIF долбоорунун ишке кириши заманбап технологиялар менен инженердик чечимдердин айкалышын камсыз кылат, бул өлкөнүн рыногунда Компаниянын үлүшүн 15%га чейин жогорулатат.

Долбоорду ишке ашыруу айрым эмерек буюмдардын импортту алмаштырууга алып келет, ошондой эле Казакстан менен Тажикстанга экспорттоо пландалууда. Долбоор кошумча жумуш орундарын түзүүнү карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Муниципалдык кызматчынын этикасын сактабагандыгы үчүн  жогорку билим берүү министри кызматтан кетти

Муниципалдык кызматчынын этикасын сактабагандыгы үчүн жогорку билим берүү министри кызматтан кетти

Бактияр Орозов КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгына ылайык токтом кылынды. Бул тууралуу

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 43 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуу фактылары аныкталып, тиешелүү прокурордук акт киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан, жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуу бассейни 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская атындагы айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик боюнча төлөм жүргүзүү үчүн сунуш киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдик учурлары келип чыккан учурда салымчыларга компенсация төлөп берүү үчүн банк-агенттерди алдын ала тандоонун жаңы тартибин бекиткен жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, сунушталып жаткан документтин негизги максаты — төлөмдөрдүн башталыш мөөнөтүн кыскартуу жана аманаттарды коргоо тутумунун натыйжалуулугун

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Экономика жана коммерция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өлкөдө өсүү борборлорун алгачкы пландаштыруу боюнча биринчи бирдиктүү методологияны иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Демилге Россия-БУУӨП өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоордун (III фаза) эксперттик колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Бул методология Министрлер Кабинетинин 2025-2030-жылдарга карата