Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

ЕБ чек ара жаңжалынан жабыркаган баткендиктерге 4.3 млн сомдук жардам көрсөттү

Назира Абдиева

29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үй-бүлөлөр Евро Биримдиктин долбоорунун алкагында 4.3 млн сомдук жардам алышты. Бул тууралуу ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага Хан Фонду баткендиктерге 2.6 млн сом өлчөмүндө ири жана майда малды тапшырды. Фонд ошондой эле Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы медициналык мекемелерге 1.7 млн сомдук медициналык жабдууларды таратты.

Баткен облусунда жабыр тарткан жыйырма үй-бүлөгө музоо менен бир саан уй жана үчтөн кой берилди. Бул жашоочуларга азык -түлүк коопсуздугун жакшыртууга жана киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Жардам көрсөтулгөн үй-бүлөлөр аймактык жооп берүү жана жардам берүү штабы менен бирдикте тандалып алынганын аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жардам Европа Биримдигинин «Жарандык коом уюмдарынын жана жаштардын жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө катышуусун күчөтүү» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости