Эми коомдук транспортто «Тулпар» жана Visa карталары менен жол акысын төлөсө болот

Эми коомдук транспортто «Тулпар» жана Visa карталары менен жол акысын төлөсө болот

Visa, «Кыргызкоммерцбанк» жана «Тулпар» долбоору менен бирге, Бишкектин муниципалдык коомдук транспортунда банк карталары аркылуу контактсыз төлөм жүргүзө баштады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар тургундары Бишкектин бардык троллейбустарында жана автобустарында каалаган банктын Visa картасы менен жол акысын төлөй алышат. Төлөө үчүн, жөн гана картты байланышсыз төлөмдү кабыл алуу белгиси менен белгиленген валидаторго алып келүү керек.

«Бишкекте «Тулпар» долбоорунун ишке кириши жарандарга шаардык муниципалдык транспортто накталай эмес төлөм ыкмалары менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берет. Ишке киргизилгенден бери, биринчи фаза жергиликтүү контактсыз транспорттук карта менен төлөөнү камтыйт. Экинчи этапта, 2020-жылдын декабрында, Android телефондорунда NFC технологиясын колдонуп, контактсыз виртуалдык карта менен төлөө башталды. Үстүбүздөгү жылдын май айында үчүнчү этап QR аркылуу контактсыз төлөмдү ишке киргизүү болду, ошол эле жылдын июль айында биз контактсыз Visa банк карталары аркылуу төлөмдү баштайбыз», – деди Тулпар долбоорунун жетекчиси Арсен Кондахчан.

Анын айтымында, контактсыз төлөмдөрдүн бардык түрлөрү Кыргызстанда санариптештирүүнү өнүктүрүүгө өтө чоң салым болуп саналат, ал эми эл аралык Visa картасы менен төлөө Кыргызстандын жарандары жана борбордун коноктору үчүн электрондук төлөмдөрдүн ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна чоң салым кошот. Ошондой эле Бишкектеги транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүн жаңы деңгээлге чыгарат.

Мындан тышкары окуңуз

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.