Импорттоочулар «Жыйынды пост» аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздей алышат

Импорттоочулар «Жыйынды пост» аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздей алышат

Импорттоочулар «Жыйынды пост» АМС «Жеке кабинети» аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздей алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.

КРнын аймагына импорттоо менен алектенген салык төлөөчүлөр www.sti.gov.kg расмий сайтынан «Электрондук сервистер» бөлүмүндөгү «Жыйынды пост» автоматташтырылган маалыматтык системасынан «Жеке кабинетин» пайдалануу менен же import.salyk.kg сайтынан электрондук коштомо кагаздарды тариздөөгө мүмкүн экендигин МСК эскертет.

«Жыйынтык пост» системасы «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

МСКнын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук коштомо кагаздарды пайдалануунун колдонмосу менен таанышып, толук маалымат алууга болот.

Эскерте кетсек, МСК 2021-жылдын 1-январынан тартып «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Ак-Жол», «Чоң-Капка» товарларды эсепке алуу пункттарында, «Аламүдүн», «Кара-Балта», «Бишкек-1», «Кара-Суу» темир жол станцияларында, «Манас» жана «Ош» аэропортторунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнөн КРнын аймагына ташылып келген товарларды эсепке алууда «Жыйынды пост» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдаланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.