JIA ишкерлеринин бизнес-шеринеси өттү – СҮРӨТТӨР
Бүгүн, 4-августта «Фрунзе» ресторанында Жаш Ишкерлер Ассоцияциясынын (JIA) бизнес-шеринеси өттү. Ага атайын конок катары Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасы Артем Новиков чакырылды.
Бизнесмендер Новиковго кызыккан суроолорун берүү менен бизнести колдоого тийиштүү жеке сунуш-пикирлерин айта кетишти. Төрага сунуштарды кабыл алып, аларды талкуулоо үчүн кийинки жолугушууга чакырды. Бизнес шеринеге JIAнын «А» категориясындагы ишкерлер катышты.
Шериненин максаты – В2В жолугуушуулар менен JIA ишкерлер арасында нетворкингди бекемдөө болду.







