Ашыкча төлөбөңүз – Мамлекеттен күбөлүктөрдү алуунун баасы канча турат?

Ашыкча төлөбөңүз – Мамлекеттен күбөлүктөрдү алуунун баасы канча турат?

Санариптик өнүктүрүү министрлиги коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн Министрликке караштуу бөлүмдөр тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын расмий баалары жөнүндө маалымдады.

Жарандык абалдын актыларын каттоодогу күбөлүктөрдүн бланктарынын баасы (банктык кызматтарды кошкондо):

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк – 54 сом
  • өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом
  • никелешүү тууралуу күбөлүк – 57 сом
  • никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк – 20 сом
  • фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом
  • күбөлүктү кайталап алуу – 110 сом

Жарандык абалдын актыларын каттоодо жарандар күбөлүктөрдүн бланктары үчүн гана акча каражатын төлөшөт, ал эми жарандык абалдын актыларын каттоо акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле жакында эле жаңы төрөлгөн баланын туулгандыгын каттоодо, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү салтанаттуу түрдө тапшыруу боюнча кызмат кайра жандандырылды. Салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи акысыз.

Арыз берүүчүнүн каалосу боюнча никени салтанаттуу түрдө каттоонун наркы (банктык кызматтарын кошкондо):

* Бишкек шаарынын Бакыт өргөөсүндө – 1797 сом

  • Ош шаарынын үйлөнүү үлпөт үйүндө – 822 сом
  • Бишкек жана Ош шаарларында ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынан тышкары – 4038 сом
  • республиканын райондук ЖААК бөлүмдөрүндө – 358 сом, имаратынан тышкары – 826 сом.

ЖААКтын шашылыш кызматтарынын наркы (банктык кызматтарды кошкондо):

  • шашылыш түрдө жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү – 600 сом
  • аты жөнүн өзгөртүүнү тез арада каттоо – 600 сом
  • жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматты шашылыш ырастоо – 170 сом.

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы банктардын кассаларында гана жүргүзүлөөрүн эскертет.



            
                    

Мындан тышкары окуңуз

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

Январь айында Кыргызстанда кайра иштетүү продукциясы 51,1 млн сом болду

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш тармагындагы продукциянын көлөмү 51 млрд 198,6 млн сомду түзгөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 112,0%ды түзүп, өндүрүш көлөмүнүн өскөнүн көрсөттү. Кайра иштетүү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарга жана даяр

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок: * 1/8 финал: Гулмарал

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда акча ташыган учак кулап, эл аларды талап кетүүгө аракет кылышты

Боливияда Борбордук банк үчүн акча ташып бара жаткан учактын кыйрашынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 20га жакыны жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марсела Флорес билдиргенин Unitel телеканалы маалымдады. Министрдин айтымында, жабыркагандардын көбү оор абалда. Бийлик жаракат алгандарга жардам берүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырды. Окуя жума

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт

"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда.