Кыргызстандын мамлекеттик карызы жыл башынан бери 7 млн долларга кыскарды, бирок дагы эле көп

Кыргызстандын мамлекеттик карызы жыл башынан бери 7 млн долларга кыскарды, бирок дагы эле көп

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы + ички) жылдын ортосунда 4 млрд 921 млн долларды (416 млрд 630 млн сом) түздү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жылдын башына салыштырмалуу республиканын карызынын өлчөмү 7 млн долларга кыскарды. 2020-жылдын 31-декабрына карата карыз 4 млрд 928 млн доллар эле.

Мамлекеттик карыздын структурасы:

  • тышкы карыз – 4 млрд 159 млн доллар (85%)
  • ички карыз – 762 млн доллар (15%)

Белгилей кетсек, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 2025 -жылга чейин мамлекеттик карызды ИДПнын 60%дан төмөн түшүрүү аракетин көрүүнү сунуштаган. Учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 68%ын түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

2025-жылдын 17-декабрында Кабул шаарында Экономика министри Бакыт Сыдыков Авганистандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан карбалашты. Билдирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкууга алынган. Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик

№195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү

№195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү

Коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен, 2025-жылдын 19-декабрынан тарта №195 каттамдын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бул чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды. Аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп

Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүнү максат кылып, өлкө боюнча жалпы 385 ишкана ачуу боюнча иш жүргүзүп жатат. Ысык-Көл облусунда 6 соода-логистикалык борбор жана 66 кайра иштетүүчү ишкана пландалган. Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүгүнө

"Кепилдик Фонд": Бир айда 26 үй-бүлө "Келечек" менен өз үйүнө ээ болду

"Кепилдик Фонд": Бир айда 26 үй-бүлө "Келечек" менен өз үйүнө ээ болду

"Кепилдик Фонддон" билдиришкендей, бир айдын ичинде 26 үй-бүлө "Келечек" продуктунун жардамы менен өз үйүн алды. Бул продукт алгачкы төлөмдү төлөөгө каражаты жетпеген жарандар үчүн натыйжалуу колдоо куралы катары калк арасында популярдуулукка ээ болууда. 2025-жылдын 17-декабрына карата "Келечек" ипотекалык продукту ишке киргизилгенден бери жалпы суммасы