Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан өтүү учурда кооптуу экенин билдирди. Бул тууралуу Tasnim агенттиги маалымдады.

Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына ылайык, өлкөнүн 24 провинциясына жасалган соккулардан 200дөн ашуун адам каза болуп, болжол менен 750 адам жаракат алган.

Ирандын аймактагы америкалык аскер базаларына жана Израилге жасаган жооп соккулары Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерде тынчсыздануу жаратты. Ракеталар Доха жана Дубай сыяктуу шаарларга түшкөнү кабарланды. Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлиги бир нече ракета ийгиликтүү атып түшүрүлгөнүн билдирген. Бирок айрымдары бутага жетип, өрт чыгып, эл арасында дүрбөлөң жараткан. Сыныктар түшкөндөн улам бир жай тургун каза болгону маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media