Кыргызстанда ким канча маяна алат? Айлык акыларды салыштыруу

Кыргызстанда ким канча маяна алат? Айлык акыларды салыштыруу

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда эң көп айлык акыны электр энергия жана газ тармагында эмгектенген адистер алат. Алардын айлыгы орточо эсеп менен 58 миң сомду түзсө, эмгеги эң аз баалангандар – айына 10.400 сом алган искусство тармагында иштегендер. Мындай маалыматты улуттук статистика комитети билдирет.  

Болгону артисттерден 2000 сомго көбүрөөк айлык – 12 000 сом врачтар алышат. Ылдыйдан өйдөгө карай турган болсок, үчүнчү орунда айыл-чарба тармагында эмгектенгендердин маянасы – 15.500 сомду түзөт.

Улуттук статистика комитети белгилегендей, бул көрсөткүчтөр юридикалык жактардын мамлекетке эмгек боюнча формаларды толтурган статистикалык отчетторунун негизинде эсептелген жана бардык сандар орто баалар менен жазылган.

Расмий маалыматтарга таянсак, эң көп маяна төлөнгөн тармак – электр энергиясы менен камсыздоо, газ, буу жана кондиционердик аба тармагында иштегендер. Бул тармактагы адистердин орточо айлык акысы – 58 000 сомду түзөт. Андан кийин финансы жана камсыздоо боюнча адистер – 53 000 сомдон алышса, информация жана байланыш тармагындагылардын маянасы дээрлик – 52 000 сомго жетет.

Белгилеп кетчү нерсе, жогорудагы расмий сандар реалдуу жашоодон таптакыр эле алыс болушу мүмкүн.

Буга мисал, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери өтө аз айлык алгандыгы үчүн сахнага чыгуудан баш тартышкан. Алардын айтымында, алар көп убакыттан бери жетекчилик менен болгон маселени чечүүгө аракеттенишкен, бирок бардык аракеттеринен эч кандай майнап чыккан эмес.

Ошондой эле 8-марттагы премьер-министр Улукбек Мариповдун убадасына ылайык, 1-июлдан тартып кыргызстандык врачтардын айлык акысы көтөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар