Каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу жакында старт алат

Каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу жакында старт алат

Ишкердикти колдоо уюмунун колдоосу менен жакында каалоочулар үчүн Mini MBA онлайн курсу старт алат.

Курс 17 сааттык бизнес маалыматтар, түшүнүктөр жана практикалык көнүгүүлөр берилген 169 видео сабактан турат. Уюштуруучулардын айтымында, курс материалды өздөштүрүү үчүн көп убакытты талап кылбагандай болуп түзүлгөн. Бир видеонун орточо узактыгы 6 мүнөт болот.

Курстун программасы төмөнкү бөлүктөрдөн турат:

  • Стратегиялык менеджмент – Талант Жумазаев
  • Кадрларды башкаруу – Владимир Ширяев
  • Каржылык менеджмент – Руслан Калимов
  • Маркетинг жана сатуу – Данияр Аманалиев

Mini MBA – бул бизнести башкаруунун негиздерине багытталган окуу программасы. Бул программа студенттерди да, адистерди дагы изилдөө же бул тармак боюнча фундаменталдуу түшүнүккө даярдайт.

Кененирээк маалымат алуу үчун бул шилтемени басыңыз.

Каттоо: www.minimba.tv сайты аркылуу жүргүзүлөт. Баасы жана каттоо боюнча толук маалымат алуу үчүн 0 776 376 744 телефон номуруна чалыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран дүйнө мунайынын 20%ы ташылчу Ормуз кысыгын жапты

Иран Ормуз кысыгын — дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүнүн негизги жолу болгон стратегиялык деңиз багытын — жапканын жарыялады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү деңиз менен ташылган мунайдын болжол менен 20%ы өтөт. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) аймактагы кемелерге эскертүү берип, АКШ менен Израилдин аскердик аракеттерине жана Тегерандын жооп чараларына байланыштуу кысыктан

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМ үч микроавтобус сатып алууга 10 млн сом жумшайт

ИИМдин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы үч жүргүнчү микроавтобусун сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 9 млн 660 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык мүнөздөмөгө ылайык, 16 жүргүнчү орундан ашпаган, 2025–2026-жылдары чыгарылган жана кара түстөгү микроавтобустар талап кылынат. "Жеткирилүүчү автоунаалар жаңы болушу

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Имарат 2025-жылдын июль айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду.  Долбоорго ылайык, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Атамекендик 40 тонна балык тоютун чыгарган завод иштей баштады

Бүгүн журналисттер, блогерлер, балык өстүрүүчүлөр жана кызыккан активдүү жарандар үчүн Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан "Тянь-Шань форель" ЖЧКсынын балык жемин өндүргөн жаңы заводуна пресс-тур уюштурулду. Балык жемин чыгарган бул заводдун курулушу 2025-жылы май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5 млн доллар