8 айда бюджетке салыктан 66 млрд сом жыйналган – баары бир кризис
Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында салыктан 66 млрд 131.7 млн сом чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Ильяз Иманбетов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Анын берген маалыматына таянсак, план 2 млрд 985.3 млн сомго ашык аткарылган. 2020-жылга салыштырмалуу 18.1 млрд сомго, 2019-жылга салыштырмалуу 16.1 млрд сомго көп. Ал эми республикалык бюджетке – 53.5 млрд сом түшсө, жергиликтүү бюджетке – 12.5 млрд түшкөн.
Ал эми 2021-жылдын январь-июль айларында өлкөгө жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31.1%га жогорулап, 1.1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Мындай маалыматты 2-сентябрда Улуттук банктын маалымат кызматы билдирген болчу.
Бирок жогорудагы көрсөткүчтөргө карабастан, 2021-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү өткөн жылдын ушундай эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1.6%га төмөндөгөн.