Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко да колдонулат.

0% КНС колдонулуучу товарлар:

  • үй тоокторунун инкубациялык жумурткалары;
  • тирүү ири мүйүздүү мал;
  • ири мүйүздүү малдын эти;
  • арпа, сулу;
  • саман жана тоют өсүмдүктөрү (мезгилдүү учурда).
Мындан тышкары, өсүмдүк майын жана канаттуулар менен балыкка тоют өндүрүү үчүн арналган чийки заттардын тизмеси бекитилди. Аларга төмөнкүлөр кирет:
буудай, жүгөрү сыяктуу дан өсүмдүктөрү; соя буурчактары; рапс уругу; шрот; балык майы; ачыткы; аминокислоталар; витаминдер жана бир катар тоют кошулмалары.

Балык тоютуна өзүнчө норма

2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоюттарды жеткирүүгө КНСтин 0% ставкасы колдонулат (ТЭИ ТН коддору 2309 90 1000, 2309 90 3100, 2309 90 9609), эгерде тоют өндүрүүчү аны балык өстүрүү менен алектенген айыл чарба өндүрүүчүгө түз жеткирсе.

Токтом менен буга чейин кабыл алынган 0% КНС тууралуу нормалардын мөөнөтү 2025-жылдан 2027-жылга чейин узартылды. Салык салынууОшол эле учурда 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтом күчүн жоготту деп табылды.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media