Жаңы стакандагы 50 сомдук «Шоро» талкууга түштү – кымбатчылык
Фейсбуктагы «Кыргыз азыктарын ал» («Покупай Кыргызское! Производство основа развития!») деген тайпадагы «Шоро» компаниясынын түтүгү жана капкагы менен чыккан стакандагы 50 сомдук ичимдиги талкууга түштү.
Кээ бир жарандар бир стакан ичимдиктин баасын бензиндин баасына теңеп, кымбаттыгына нааразы болушса, кээ бирлери стакандын пластик эместигине көңүл бурушту.