Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форум Sheraton Bishkek отелинде өтөт. Аны Түркиянын Инвестициялар министрлиги жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурууда.

Ага экономиканын түрдүү тармактарынан 50гө жакын түрк фирмалары катышат.

Бизнес форумдун алкагында ата мекендик компаниялар түркиялык потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкердик кызматташтыкты түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай келди. «Манас» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда мамлекеттик программа алкагында жаңы баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын ишкерлерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын башында өкмөттүн чечими менен 2030-жылга чейин иштей турган долбоор бекитилген. "Стартаптарды ар кандай багыттар боюнча колдоого алышат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко