Эми автоунаалар каттоонун алдында сүрөткө тартылууга тийиш

Эми автоунаалар каттоонун алдында сүрөткө тартылууга тийиш

КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси үстүбүздөгү жылдын август айынан тартып, транспорт каражатын каттоо алдында кароо жүргүзүүдө унааларды планшетке сүрөткө тарта баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Демилге коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга жана тигил же бул унаа текшерүүгө келгени жана иш жүзүндө текшерүүдөн өткөнүн так аныктоого багытталат.

«Биз жарандарды фото фиксациялоо процедурасына байланыштуу кошумча ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Учурда биз транспрот каражатынын электрондук паспорттун киргизүү үчүн заманбап маалымат базасын түзүп жатабыз, ошондой эле унааны каттоо системасындагы коррупцияны жана алдамчылык схемаларды жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүүдөбүз» – дейт «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев.

Сүрөткө тартуу учурунда, сүрөт тартылган жердин координаттары менен бирге электрондук маалымат базасына киргизилет. Жаңы стандарттарга ылайык, системага фотосүрөттөрдөн жана текшерүү протоколунан тышкары, кузов (шасси / рама) номерлери, машинанын жайгашкан жеринин координаттары (гео маалыматтары) жана текшерүүнүн датасы киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат

Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу. Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү: * Сүлүктү РЭС — 15 193 * Кадамжай

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда мамлекеттик программа алкагында жаңы баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын ишкерлерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын башында өкмөттүн чечими менен 2030-жылга чейин иштей турган долбоор бекитилген. "Стартаптарды ар кандай багыттар боюнча колдоого алышат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко