Кыргызстан Кореядагы ЭКСПО көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстан Кореядагы ЭКСПО көргөзмөсүнө катышууда

2021-жылдын 10-сентябрында Түштүк Кореяда жапайы женьшень жана жалпысынан картаюуга каршы индустрияга арналган Эл аралык ЭКСПО көргөзмөсү ачылып, ага 13-өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге Кыргызстан да катышууда. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилиги билдирди.

ЭКСПО, жапайы женьшендин мекени болгон Хамян шаарында өтүп, ушул жылдын 10-октябрына чейин уланмакчы.

ЭКСПОнун алкагында Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, КРнын органикалык продукциялары, анын ичинде бал, кургатылган жемиштер, кургак мөмөлөр, ошондой эле КРнын турмушта колдонуучу буюмдары көргөзмөгө коюлду.

Расмий ачылыш аземине Корея Республикасынын премьер-министри Ким Бу Гём, Кёнсан Намдо провинциясынын губернаторунун милдетин аткаруучу Ха Бёнг Пил, Хамяндын мэри Со Чунсу, Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеянын депутаттары, ошондой эле беш өлкөнүн элчилери, анын ичинде КРнын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова катышышты.

Ошондой эле 4-октябрда ЭКСПОдо Кыргызстандын Улуттук күнүн өткөрүүсү каралууда, анын жүрүшүндө салтанаттуу иш-чаралар, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы концерт, Кыргызстандын экспорттук, инвестициялык жана туристтик потенциалынын презентациясы пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган