«Айыл Банк» мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 5 млн сомдон 25 жылга чейин кредит берет

«Айыл Банк» мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 5 млн сомдон 25 жылга чейин кредит берет

«Айыл Банк» «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында турак-жай сатып алуу үчүн «Жеңилдетилген ипотека» жана «Жеткиликтүү ипотека» деген эки багытта 15тен 25 жылга чейинки мөөнөткө кредит бере баштайт. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.

«Айыл Банк» ААК «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында ипотекалык насыялоону ишке ашырууну жандантты.

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында турак жай сатып алуу үчүн кредит эки багытта – «Жеңилдетилген ипотека» жана «Жеткиликтүү ипотека» боюнча 15тен 25 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

«Жеңилдетилген ипотека»

Кимдерге берилет: Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана аларга баш ийген уюмдарда жана ишканаларда, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында жана мамлекеттик телерадио уюмдарында иштеген жарандарга.

  • Пайыздар: 4-8%
  • Суммасы: 4 000 000 сомго чейин

«Жеткиликтүү ипотека»

Кимдерге берилет: Негизги талаптарга жана тандоо механизмдерине жана МИКтин кошумча талаптарына жооп берген шарттарда КРнын бардык жарандарына.

  • Пайыздар: 8-12%
  • Суммасы: 5 000 000 сомго чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган