Алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоору даярдалууда
Алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоору даярдалууда. Бул тууралуу Экономика министри Акылбек Жапаров кечээ, 19-сентябрда өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.
Ал Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салгандыгы тууралуу жазган билдирүүсүндө айтат.
«Мен азыр эртерээк болсо да, биздин алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоорун ишке киргизүү даярдалып жатканын айта кетейин», – дейт ал.
Бирок мамлекеттик ишмер ал кантип иштейт, эмне өзгөчөлүктөрү бар, ал тууралуу эч кандай маалымат берген жок.