Дүйнөлүк банк Кыргызстанга санариптештирүүгө 50 млн доллар кайра бере турган болду

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга санариптештирүүгө 50 млн доллар кайра бере турган болду

Акыркы мезгилде бул долбоор үзгүлтүккө учураганы менен Дүйнөлүк банк Digital CASA долбоорун Кыргызстанда ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча кеңешчиси Павел Хрипунов кабарлады.

Июль айында Дүйнөлүк Банк Digital CASAны Кыргызстанда ишке киргизүүдөн баш тартууга ниеттенип жатканы белгилүү болгон эле. Андан кийин мурдагы чиновник Уран Чекирбаев долбоордун ишке ашпай калышынын бир себеби, долбоорду ишке ашыруучуларга чиновниктер тарабынан ири суммадагы акча талап кылуу болгонун айткан эле.

«ДБнын жетекчилиги мен айткан бардык өтүнүчтөрдү эске алган кат алганда абдан кубандым. Кредиттик каражаттар бизге 1% менен 38 жылдык мөөнөткө берилет – бул республика үчүн абдан эле ыңгайлуу шартта берилүүдө», –  деди президенттин кеңешчиси.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылана турган «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты – бул КРнын секторлоруна жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү потенциалын жогорулатуу менен бирге Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болчу.

«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбооруна Дүйнөлүк Банк  50 млн долларлык инвестиция салууну көздөп жаткан. Анын 25 млн доллары гранттык каражаттар, 25 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө берилмек.

Белгилей кетсек, долбоор төрт компоненттен турат: 

  1. Санарипке өтүүгө байланышкан аймактык инфраструктура (21 млн доллар)
  2. Аймактык маалымат борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер (18.1 млн доллар)
  3. Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү (8.4 млн доллар)
  4. Долбоорду башкаруу (2.5 млн доллар).

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган