KOICA КРга Кореядан келген товарлардан КНСти алып салууну суранууда – башкача жол менен

KOICA КРга Кореядан келген товарлардан КНСти алып салууну суранууда – башкача жол менен

Бүгүн, 20-сентябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынына Экономика министринин орун басары Руслан Татиков KOICA уюмунун КРгы өкүлдөрүнө артыкчылык берүү маселесин кароо долбоору менен келди.

Жыйында Татиков КР менен Кореянын ортосунда кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга (өзгөртүлгөн) кошумча макулдашууну радификациялоо тууралуу КРнын мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын айтымында, KOICA уюмунун КРда 8 өкүлү бар жана алар жыл сайын виза алуу үчүн ар бири 20 миң сомдон сарпташат. Ошондой эле алар уюмдун өкүлдөрүнө артыкчылыктарды берүүнү суранышууда. Татиков кошумча макулдашууну дал ушинтип түшүндүрүп, жыйында колдоо алуу үчүн келген.

Бирок Татиков долбоордун мазмунун окуй келгенде иш жүзүндө Кореядан келген товарларга КНСти алып салуу талабы бар болуп чыкты.  

Документте «KOICA өкүлчүлүгүнүн ишин ишке ашыруу жана программаларды ишке ашыруу үчүн товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата сырттан импорттолгондугуна же КРнын аймагында сатып алынгандыгына карабастан, КР өкмөтү ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түз жеткирүүсү үчүн кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотот. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түз ташып келүүнү бажы алымдарынан, салыктардан ошондой эле валюталык тобокелдиктерди камсыздандырууга сертификацияларды жана импортко лицензияларды сатып алуу талабынан бошотот. Ташып келинген товарларга бажы операцияларын биринчи кезекте жүргүзүүгө көмөктөшөт» деп айтылат.

Депутаттар 7 миң долларлык виза маселесин коюп жатышат, мазмунуна келсек, Кореядан келген товарлардан КНСти алып салуу маселеси каралыптыр деп тынчсызданышты. Кирген товарлардан бажы алымдары алынбаса, мамлекет мындан канча сумма зыян тартат эч кандай анализ жок дешип кийинки комитетке чейин калтырууну сунушташты.

Бирок Тазабек Икрамов сатып алынуучу товарлар өнөктөштүктүн алкагында келинүүчү товарлар деп белгилеп, депутаттарды колдоп берүүгө чакырды. Депуттар да бир добуштан колдошту.  

Бирок Татиков өзү KOICA уюму кандай товарларды алып келет бул тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Эскерте кетсек, ушул эле жыйында депутат Шайлообек Атазов минкабминдин мүчөлөрү гипнозго түшкөндөй эч нерсе билишпейт деп сындаган. Анткени министрдин орун басары KOICA КРга берген 45 млн доллар кайсы жакка сарпталгандыгы тууралуу суроого бат жооп бере албай койгон эле. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган