Шайлообек Атазов: минкабминдин мүчөлөрү гипноздоп койгон сыяктуу, билишпейт, окушпайт

Шайлообек Атазов: минкабминдин мүчөлөрү гипноздоп койгон сыяктуу, билишпейт, окушпайт

Бүгүн, 20-сентябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Экономика министринин орун басары Руслан Татиковдон KOICA уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу сурап жатып, минкабминдин мүчөлөрү гипнозго түшкөндөй эч нерсе билишпейт деп сындады.

Жыйында Руслан Татиков КР менен Кореянын ортосунда кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну радификациялоо тууралуу КРнын мыйзам долбоорун киргизүүгө уруксат сурады.

Анын айтымында, KOICA 1991-жылдан баштап КРга 45 млн доллар кайтарымсыз жардам берген жана ал Айыл-чарба, билим берүү, саламаттык сактоо секторлоруна жумшалган.

Депутат Татиковдон берилген 45 млн доллар грант каякка жумшалгандыгы тууралуу сураганда министрдин орун басары көпкө чейин жооп бере албады. Андан кийин депутат Тышкы иштер министринин орун басары Ниязалиев Нурандан Ысык-Көлдө KOICA өкүлдөрү курууну пландап жаткан өрт өчүрүү станциясынын жаңы имаратынын курулушу тууралуу сураганда Ниязалиевдин андан кабары жок болуп “тактап берейин” деген жообун айтты.

«Тактабасаңыздар эмнеге келесиздер? Төрага, көрдүңүзбү булардын деңгээлин, комитетке гипноздоп койгон сыяктуу келишет. Эч бир маалымат билишпейт, тактайм деп жүрө беришет», – деди депутат.  

  • Эскерте кетсек, 1992-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан жалпысынан чет өлкөдөн 11.48 млрд долларлык финансылык жардам алган. Кыргызстанга келген тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 30 %ы же 3.43 млрд доллары гранттык каражаттар, ал эми 70%ы же 8.04 млрд доллары кредиттик ресурстар болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган