2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомго жетиши күтүлүүдө

2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомго жетиши күтүлүүдө

2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9.1 млрд сомду (ИДПнын 1.3%) түзүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев 2022-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууда билдирди.

Ошол эле учурда, 2023-жылы тартыштыктын 8.1 млрд сомго чейин төмөндөшү болжолдонууда (ИДПнын 1.1%). 2024-жылы 8.6 млрд сомдук профицит болжолдонууда (ИДПнын 1%).

Бакетаев белгилегендей, 2022-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 203.6 млрд сомду, 218.8 млрд сомду жана 231.8 млрд сомду, ал эми чыгымдар – 212.7 млрд сом, 223.4 млрд сом жана 223.5 млрд сомду түзөт.

Ал берген маалыматка ылайык, бюджеттин долбоорунда социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүү, экономикалык өнүгүү долбоорлору менен санариптик экономиканы каржылоо, COVID-19 жана анын кесепеттери менен күрөшүү жана Баткен облусунун өнүгүүсү үчүн каражат каралган.

Министрдин орун басары учурда ведомство мындай максаттарга багыт алганын билдирди:

  • дефицитсиз бюджетке жана фискалдык туруктуулукка жетишүү
  • келечек муундар үчүн резервдерди топтоо жана кечиктирилгис чараларды каржылоо үчүн турукташтыруу фондуна финансылык ресурстарды тартуу
  • чыгымдардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу
  • бюджеттик укуктук мамилелер саясатын кайра карап чыгуу
  • чыгымдардын эффективдүүлүгүн баалоонун заманбап ыкмаларын киргизүү

Бюджеттер аралык мамилелер боюнча Бакетаев трансферттерди теңдөө формуласы көп сындарды жаратарын белгиледи. Андыктан бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Теңдештирүүчү трансферттер жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча тиешелүү түзөтүүлөрдүн долбоору даярдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган