КР менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунда 10 млн долларлык келишимдер түзүлдү

КР менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунда 10 млн долларлык келишимдер түзүлдү

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунун жыйынтында 10.3 млн доллардан ашык 11 келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева иш-чаранын расмий жабылышында билдирди.

  • SPZ-Bearings менен «Кыргыз Винд Систем» ААК Кыргызстанга подшипниктерди жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Келишим бир жылга түзүлдү жанан анын суммасы 2 млн долларды түзөт.
  • Кошумчалай кетсек, Hyundai Elevators Kyrgyzstan, «Ташпулат Строй Инвест» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдердин алкагында Өзбекстанга 1 млн долларга лифт жабдууларын жеткирет, ал эми өзбек компаниясы, өз кезегинде, КРга ушул эле суммага курулуш материалдарын экспорттойт.
  • Ошондой эле, Кыргызстандын популярдуу болгон «Академия роста» менталдык арифметика мектеби жакында Самарканд облусунда ачылат. Бул ALSAEDA ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин аркасында мүмкүн болду.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгине коттедж-пансионат куруу боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Буга «Ташпулат Строй Инвест» ЖЧКсы жеке инвестор болууну көздөөдө.

Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы эки өлкөнүн президенттери аялдардын ишкердигин колдой турганын жана жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

  • Эске салсак, кечээ, 21-сентябрда, Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форуму өтүп,  ага эки өлкөнүн 100дөн ашык ишкерлери катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган