Эртең КРнын стартаптарына Казакстандын Digital Accelerator конкурсуна катышуу үчүн онлайн-сессия өтөт

Эртең КРнын стартаптарына Казакстандын Digital Accelerator конкурсуна катышуу үчүн онлайн-сессия өтөт

Эртең 24-сентябрда, Кыргызстандын стартап программаларын популярдуу кылуу максатында, Казакстандын Digital Accelerator конкурсуна катышуу үчүн онлайн-сессия өтөт. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын маалымат кызматы кабарлады.

«Бул иш-чара бардык баштоочу жана улантуучу стартап-долбоорлор үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Иш-чаранын программасында Kazakhstan Digital Accelerator программасынын презентациясы, QazTech Ventures продуктулары тааныштырылат», – деп билдирди ЖТП.

Сессия учурунда KDAнын жана фонддун башка продукцияларынын презентациясы болот. Бул жолугушуу онлайн режиминде, Zoom аркылуу өтөт.

Иш-чарага катышуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу катталууңуз керек: https://www.eventbrite.sg/…/presentation-of-quest…

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан Кыргызстанга мунай  жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

Казакстан Кыргызстанга мунай жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

"КазТрансОйл" акционердик коомунун маалыматына ылайык, Казакстан декабрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү көбөйтүп, ошондой эле Өзбекстанга нефть транзитин кайра жандандырат. Маалыматка ылайык, Казакстан 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү кайра баштаган. Буга чейин мындай жеткирүүлөр акыркы жолу 2017-жылы жүргүзүлгөн. "2025-жылдын аягына чейин “КазТрансОйл” Кыргызстанга 30 миң тоннага чейин

2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес” форумунда өлкөнүн инвестициялык стратегиясы жана соңку жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал акыркы беш жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, быйылкы 11 айда ИДП өсүшү 10,2%га жеткенин белгиледи. Ошондой

Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарында "ЭКО-Чаткал 2035" улуттук форумы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты. Форум Чаткал районун туруктуу өнүктүрүү, климаттык каржылоо механизмдерин колдонуу жана улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү маселелерине арналды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, бизнес-коомчулуктун жана

Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Президентке караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо автоунааларды каттоо тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүк (техпаспорт) жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу унааларды онлайн кайра каттоо кызматы тааныштырылды. Жаңы техпаспорт поликарбонат материалынан жасалып, эскирүүгө абдан туруктуулугу жана жасалма паспорттон күчөтүлгөн коргоосу менен айырмаланат. Документте