«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алат
«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алууну көздөөдө жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен 20 км рельс сатып алуу боюнча тендердик процедураларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
50 жүк ташуучу вагон 2021-жылдын аягына чейин, калган 50 жүк вагону 2022-жылдын экинчи кварталында сатылып алынат.
Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасы Кытайдын «Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу» ЖЧКсы кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюшту.
Бул документ «Кыргыз темир жолунун» стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу жана Турксиб – Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Жакын арада аталган кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы КРга келип, жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө.