КРнын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет – АӨБдүн божомолу

КРнын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет – АӨБдүн божомолу

Тоо-кен, соода жана башка кызматтар былтыркы төмөндөөдөн кийин калыбына келген сайын, Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 22-сентябрдагы отчетунда айтылат.

«Азиянын өнүгүүсүнө көз караш (АӨКК) 2021» деп аталган АӨБдүн жылдык флагмандык экономикалык жаңы басылмасы, КРнын экономикасы 2021-жылы 3.5%, 2022-жылы 5% өсүшүн божомолдойт. Бул жылдын башында жасалган алгачкы божомолдорго дал келет.

Бирок, АӨБ пандемиянын жаңы толкундары же эмдөөнүн жай өтүүсү өлкөнүн өсүшүнө зыян келтириши мүмкүн деп эскертет, ошол эле учурда чек аралар толук ачыла электигин, аба каттамдар жана жол кыймылы толук жандана электигин жана ишкерлердин ишеними төмөн бойдон калуусун белгилейт.

«КРнын соода өнөктөштөрүнүн жагымдуу болжолду эске алуу менен, биз АӨБдө, өлкө КОВИД-19дун таасирин сезүүнү улантып жаткандыгына карабастан, кызмат көрсөтүү секторунун калыбына келүү шартында экономикалык өсүшкө этияттык менен оптимисттик көз караштабыз», – деди Канокпан Лао-Арайа, АӨБдүн КРгы өкүлчүлүгүнүн директору.

Азык-түлүк бааларынын инфляциясы жогорку бойдон калууда, анткени жеткирүү чынжырлары калыбына жай келүүдө, ошондой эле 2020-жылы валютанын АКШ долларына карата 20% га төмөндөшүнүн пассивдүү таасири уланууда. Азык-түлүк бааларынын туруктуу жана тез өсүшүн эске алганда, АӨБ инфляциянын 2021-жылы 10% га чейин ылдамдануусун, андан кийин 2022-жылы 7%га чейин басаңдатуусун болжолдойт.

2021-жылдын биринчи чейрегинде учурдагы операциялардын эсеп тартыштыгы ИДПнын 4.6% түздү. Экспорт негизинен алтындын жана башка металлдардын экспортунун төмөндөшүнүн эсебинен 9.5%га төмөндөгөн. Машиналардын жана жабдуулардын, кийим-кеченин жана кумшекердин импортунун өсүшү импорттун жалпы көлөмүн 40.2%га көбөйттү, себеби акча которуулар 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41.0%га жогорулады.

Өткөн жылы АӨБ КОВИД-19га каршы күрөшүүнүн алкагында КРны колдоо максатында 70 млн долларлык милдеттенмени жактырган. Бул суммага КОВИД-19 тарабынан болгон саламаттык, социалдык жана экономикалык аймактарга таасирин азайтуу максатында май айында жактырылган 50 млн долларлык насыя жана гранттык пакети кирет, жана  Өкмөткө саламаттыкты сактоо секторун чыңдоо үчүн 20 млн долларлык шашылыш жардам кирет.

АӨБ Азия-Тынч океан аймактарынын гүлдөп-өнүгүүсүнө, инклюзивдүүлүккө, жандуулукка жана туруктуулукка жетишүүгө умтулат, ошол эле учурда өтө жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттерин колдойт. Ал 1966-жылы негизделген, 68 мүчөлөргө таандык, кырк тогузу ушул аймакта жайгашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган