Лондон ассоциациясынын «Кыргызалтынды» жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу чечими – КРга терс таасирин тийгизет

Лондон ассоциациясынын «Кыргызалтынды» жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу чечими – КРга терс таасирин тийгизет

Лондон ассоциациясынын (LBMA) «Кыргызалтын» ААКсын ишенимдүү жеткирүүчү статусунан ажыратуу жөнүндөгү чечимин эң кыска мөөнөттө жок кылууга жетишүү керек. Бул КРнын тоо-кен алтын өндүрүү тармагына терс таасир этет. Мындай кайрылууну КРнын тоо-кен, металлургия кесиптик бирлиги жолдоду.

Лондон баалуу металлдар фондулук биржасынын бул чечими өлкөнүн бардык алтын өндүрүү тармагына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал эми Кара-Балтадагы «Аффинаждык заводу» жалпысынан банкротко учурашы ыктымал, анткени бул комбинатта алтынды тазалоо пайдасыз болуп калат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан тышкары, аффинаждык заводдун кызматын «Алтынкен» ЖЧКсы, «Альянс Алтын» ЖЧКсы, «Макмал Голд Компани» ЖЧКсы, Солтон-Сары кени жана башка ишканалар колдонушат. Бул компаниялар металлды акыркы продуктка чейин иштетүү үчүн башка булактарды  издөөгө туура келет, бул бир канча убакытты талап кылат жана кымбатка түшөт деп айтылат тоо-кен бирлигинин билидрүүсүндө.

Дүйнөдө баалуу металлдардын Лондон фондулук биржасына алтын куймаларын жеткирүүчү 70ке жакын аффинаждык завод бар. Алар Россия, Кытай, Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да бар. Биздин компаниялар алтынды бул заводдордо иштете алышат, бирок ага мыйзамдарды өзгөртүү зарыл, анткени баалуу металлдарды экспорттоо үчүн алымдардын ставкалары жогору жана бул киршененин кескин кыскарышына алып келиши мүмкүн.

Учурда Кумтөрдө бул кырдаалдан чыгуунун бир нече варианттары бар –  алар алтынды аффинаждык заводдо иштеп чыгып Good Delivery статусуна ээ болгон башка заводдорго, арзандатылган баада сатуу же Лондон фондулук биржасынын чечимин жокко чыгаруу үчүн мурдагы статусун калыбына келтирүүгө максималдуу чараларды көрүү.

Кандай болгон күндө да, «КГК» ЖАК алтынды сатууга мажбур болот, анткени үзгүлтүксүз өндүрүштүк ишмердүүлүктү жана эмгек акыны өз убагында төлөөнү камсыздоо үчүн олуттуу финансылык ресурстар талап кылынат. Ошондой эле республикалык бюджеттин тартыштыгына жол берилбеши керек. Буга чейин КРнын Улуттук банкы алтын сатып алган, бирок анын бул максаттарга каражаты жетиштүүбү жана кандай баада сатып ала алары күмөн.

Министрлер Кабинети «Кыргызалтын» ААКсын ишенимдүү жеткирүүчү статусунан ажыратуу боюнча Лондон бирлигинин чечимин жокко чыгаруу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк бардык чараларды көрүшү керек. Анткени бул статусунан ажыратуу – бул экономикалык жоготуулар гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын имиджине жана авторитетине олуттуу сокку, бул инвесторлордун чыгып кетишине алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле, парламенттин жер казынасын пайдалануу комитети да бул маселени өзүнүн жыйынында карап, учурдагы кырдаалдын себептерин билип, андан чыгуунун жолдорун аныкташы керек.

Тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер экономикалык жана укуктук планда гана каралышы керек. Бюджетти түзүүчү тармактын ишмердүүлүгүн саясатташтыруу бул туңгуюкка алып келет дейт КРнын тоо-кен, металлургия кесиптик бирлигинин төрагасы Эльдар Тажибаев.

Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган болчу. «Кыргызалтын» камсыздоо программасын жоопкерчиликтүү аткарбагандыгы үчүн тизмеден чыгарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган