Жерүй кенинен КРнын мамлекеттик бюджетине 3 млрд сомдон ашык түштү жана 1100 адам жумуш менен камсыз болду

Жерүй кенинен КРнын мамлекеттик бюджетине 3 млрд сомдон ашык түштү жана 1100 адам жумуш менен камсыз болду

Жерүй кенинин эсебинен Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 3 млрд сомдон ашык каражатка көбөйдү. «Альянс Алтын» компаниясы өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүдө жана ар кандай бюджеттерге, фонддорго салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөнү улантууда. Кенде жалдама мекемелерди эске алганда, жумуш менен камсыз болгондордун жалпы саны 1 100 адамга жетти.

9-сентябрга карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 3 млрд 78 млн 634 миң сом өлчөмүндө салык төлөмдөрүн төлөдү жана анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн киреше 1 млрд 177 млн 173 миң сомду түздү.

Мыйзамга ылайык, «Альянс Алтынтын» милдеттенмелеринин алкагында «Кирешенин 2% өлчөмүндө жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн» деп аталган берене боюнча, 9-сентябрга карата компания жергиликтүү бюджетке 122 млн 262 миң сом берди. Төлөмдөр төмөнкү фонддорго жүргүзүлгөн:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 61 131 231 сом
  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 36 678 738 сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) — 24 452 492 сом  

Окутуу жана жумуш менен камсыз кылуу

Бүгүнкү күндө «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 590 кызматкер эмгектенет, алардын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү тургундар.

Кенде Талас облусунан келген 345 адам иштейт, бул жалпы кызматкерлердин 60%ын түзөт. Анын ичинен Бекмолдо айыл өкмөтүнөн 138 адам (Талас районунун эмгекчилеринин жалпы санынын 23%ы) эмгектенет.

Кыргызстандын башка региондорунан келген кызматкерлердин саны 173 адамга жетет (29%) жана Бишкектен келген 72 жумушчу (же жалпы санынын 12%) иштейт.

Кенде жалдама мекемелердин кызматын эске алганда, жумуш менен камсыз болгондордун жалпы саны 1 100 адамга жетти.

Баса белгилей кетчү нерсе, «Альянс Алтын» жергиликтүү тургундардын андан ары кенде иштөөсү үчүн аларды окутууга каражат бөлүүсүн улантмакчы. Айта кетсек, быйыл Талас районунун 361 тургуну, анын ичинен Бекмолдо айыл өкмөтүнөн 120 адам окуудан өтүштү.

Тандоо комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча 9-сентябрга карата окугандардын  арасынан 183 адам (алардын 59 Бекмолдо айылдык кеңешинен) «Альянс Алтын» компаниясына жумушка орношту.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган