АӨБ КРга экономиканы колдоого 11 млн доллар грант, 69 млн доллар кредит берет

АӨБ КРга экономиканы колдоого 11 млн доллар грант, 69 млн доллар кредит берет

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо аракеттерин колдоо үчүн жана аны келечекте коронавирус пандемиясы сыяктуу соккуларга туруктуулугун күчөтүү үчүн реформаларды аткарууга багытталган 80 млн долларлык насыялоо программасын жактырды. Бул тууралуу каржы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Экономикалык диверсификацияга көмөктөшүү программасынын (PEDP) экинчи кичи программасына ылайык, АӨБ экономика алтын казып алуудан жана акча которуулардан көз карандылыктан кеңири, туруктуу жана инклюзивдүү өсүүгө өтүүгө 69.3 млн долларлык реформаларды аткарууга багытталган кредит жана 10.7 млн доллар грант берет.

Программа сооданын жана инвестициялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу реформаларды колдойт, чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) өнүгүүсүнө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртууга, сектордук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, фискалдык башкарууну жана социалдык коргоонун туруктуулугун жакшыртууга жардам берет.

2019-жылы АӨБдүн Директорлор кеңеши өкмөткө айыл чарба, соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, ЧОИды өнүктүрүү, МЖӨнү өнүктүрүү жана өнөр жайдагы көндүмдөрдү өнүктүрүү жааттарында болгон саясат жана институционалдык реформалар үчүн негиз түзүүгө жардам берген PEDPтин биринчи чакан программасын ишке ашыруу үчүн 50 млн долларлык грантты жактырды.

  • КР АӨБгө 1994-жылы кирген. Андан бери банк 1.3 млрд доллардан ашык насыя, 811 млн доллар грант жана 69 млн долларды техникалык жардам долбоорлору аркылуу бөлүп берген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган