Быйыл дан эгиндеринин түшүмү 30%га аз

Быйыл дан эгиндеринин түшүмү 30%га аз

Алдын ала божомолдонгондой, быйыл дан эгиндеринин түшүмү 30%га аз. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министринин орун басары Азамат Мукашев бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жыл дыйкандар үчүн оор жылдардан болду.

«Маселе суу менен камсыздоодо да, климаттын өзгөрүшүндө да болду, алар азыр биздин өлкөдө гана эмес, Борбордук Азиянын бардык жеринде, дүйнө жүзүндө болуп жатат. Биз алдын ала айткандай, тилекке каршы, быйыл түшүмдүн 30%ын ала албайбыз», – деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналды, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз деп Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Биринчи Радиого берген маегинде айткан болчу.

Анын берген маалыматына таянсак, быйыл 473 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде 250сү буудай. Дан эгиндеринин жыйналуусу 87%ды түзөт.

Ал эми Улутстаткомдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230.7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз дан бастырылды.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү –  3.5%га кыскарган.

Бирок айрым депутаттар өлкөдөгү сугат суунун тартышсыздыгынын бир себебин Казакстанга кетип жаткан суу деп да айтышкан эле. ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Парламент» радиосуна курган маегинде Казакстанга суу 1983-жылдагы келишим боюнча берилип келгенин жана азыркы базар экономикасында бул туура эместигин айткан болчу.

Бүгүн, 24-сентябрда Улукбек Марипов жыйын өткөрүп, анда социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын, бензиндин жана дизелдик отундун бааларын турукташтыруу боюнча көрүлгөн чараларды карап, бирок ошол мезгилде «эң начар сценарийге» даяр болуш керектигин белгиледи.

«Бир нече кадам алдыга карап иштөө керектигин» белгилеген өкмөт башчысы күтүүсүз кырдаал түзүлүп же аба ырайы начарлап кеткен, түшүм жакшы болбой калган учурга даяр туруу үчүн айыл чарба азыктарынын мамлекеттик резервин түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган