«Эң начар сценарийге даяр болушубуз керек» – Өкмөт азык-түлүк резервин түзүү керектигин айтты

«Эң начар сценарийге даяр болушубуз керек» – Өкмөт азык-түлүк резервин түзүү керектигин айтты

Бүгүн, 24-сентябрда Улукбек Марипов жыйын өткөрүп, анда социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын, бензиндин жана дизелдик отундун бааларын турукташтыруу боюнча көрүлгөн чараларды карап, бирок ошол мезгилде «эң начар сценарийге» даяр болуш керектигин белгиледи.

«Азык-түлүк запасын түзүү үчүн буудай сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1.5 млрд сом, өсүмдүк майы жана кум шекер сатып алууга 300 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Данды жана унду импорттоону 1 жылга КНСтен бошотуу боюнча чечим кабыл алынды, үчүнчү өлкөлөрдөн ак кантты бажы төлөмсүз алып келүү боюнча келишимге кол коюлду. 2021-жылдын 31-декабрына чейин айыл-чарба жаныбарларын импорттоого КНС кошулбайт. Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн (буудай, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кум шекер, тооктун жумурткасы) экспорттоого (экспорттоого) тыюу салынды», – деди ал.

«Бир нече кадам алдыга карап иштөө керектигин» белгилеген өкмөт башчысы күтүүсүз кырдаал түзүлүп же аба ырайы начарлап кеткен, түшүм жакшы болбой калган учурга даяр туруу үчүн айыл чарба азыктарынын мамлекеттик резервин түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган