Иран КРга деңизге чыгууга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берет

Иран КРга деңизге чыгууга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берет

Иран өкмөтү КРга деңизге чыгууга Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү инфратүзүмдү камсыздоо чечимин кабыл алганын Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда билдиргенин министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер 23-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында жолугушкан. Руслан Казакбаев ирандык кесиптешин жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Иран тарап Кыргызстанга ШКУнун толук кандуу мүчөсүнө коюлган анын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министри Иран өкмөтүнүн Кыргызстанга транзиттик (же Кыргызстандан) товарларды жеткирүү үчүн Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү инфратүзүмдү камсыздоо чечими тууралуу кабарлады.

Министр Казабаев өлкөлөр ортосундагы транзиттик жана транспорттук потенциалды пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, соода өсүшүнө өбөлгө түзгөн Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан темир жол коридорун колдонууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле тараптар Бишкекте Иран соода борборун ачуу маселесин талкуулашты.

  • Эскерте кетсек, буга чейин Пакистан Кыргызстандын Карачидеги жана Гвадардагы деңиз портторуна чыгуусун камсыз кылууга даяр экендигин да билдирген болчу. Бирок конкреттүү эч кандай аракеттер жасалган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган