Кумтөр эмне үчүн «Кыргызалтын» ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарылганына түшүндүрмө берди

Кумтөр эмне үчүн «Кыргызалтын» ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарылганына түшүндүрмө берди

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жетекчилиги кендеги учурдагы кырдаалга расмий билдирүү жасады.

Компаниянын жетекчилиги өз билдирүүсүндө «Кыргызалтын» ААКсын Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчүлөрүнүн тизмесинен чыгаруу маселеси боюнча комментарий берди.

«Кыргызалтын» ААКсынын Good Delivery List ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгып калышы убактылуу маселе. Убактылуу четтетүүнүн негизги себеби – «Stone X» компаниясынын чыгымдарын жабуу боюнча жарандык-укуктук доосуна байланыштуу. Маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүндүгүн «Stone X» өз кайрылууларында эки жолу билдирген. Жакын арада күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана «Кыргызалтын» ААКсына ишенимдүү жеткирүүчү макамы кайтарылат деп айтылат Кумтөрдүн билдирүүсүндө.

Кумтөрдөн билдиргендей, бул чечим (убактылуу четтетүү боюнча), «Кыргызалтын» ААКтын алтын сатуу укугун жана КРнын суверендүү укуктарын да чектебейт, ошондой эле эч кандай субъектке баалуу металлдар рыногундагы көптөгөн эл аралык платформалардын алкагында\биржалар\рынокторундагы экинчи соодадан КРнын алтын сатып алууга тыюу салбайт (Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынан тышкары).

Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган болчу. «Кыргызалтын» камсыздоо программасын жоопкерчиликтүү аткарбагандыгы үчүн тизмеден чыгарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган