Инвестиция министрлиги: биздин чыгымдарыбызга 12 млн 85 миң сом керек

Инвестиция министрлиги: биздин чыгымдарыбызга 12 млн 85 миң сом керек

Бүгүн, 27-сентябрда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов министрликтин чыгымдарына 12млн 85 миң сом керектигин айтты.

Баясовдун айтымында, 12млн 85 миң сом министрликтин чыгымдарына, тагыраак айтканда, борбордук аппаратка керек. Минстрлик жаңы имаратка көчкөндөн бери  тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес жана инвестицияларды тартуу үчүн уюштурулчу иш-чараларга 8 млн сом, 1 млн 400 миң сом департаменттин чыгымдарына керек, ошондой эле иш сапарларга да каражат талап кылынууда.

Иш сапары тууралуу айта турган болсок, жакында эле Инвестиция министри бир жума Түштүк Кореяда жүргөнүнө карабастан, эч кандай келишимге кол коюлган эмес.

Жыйында, депутат Осмон Турдумамбетов каражатты кайсы жакка иштетээри үчүн минстрликтин так планы жок экендигин, министр Шыкмаматов эч кандай жыйындарга катышпай жаткандыгын айтып сынга алды жана министрлик иштеп баштагандан тартып, кандай реалдуу инвестиция келгенин сурады. Министрдин орун басары так эч кандай маалымат бере алган жок.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган