«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык кредиттер берилүүдө – шарттары

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык кредиттер берилүүдө – шарттары

«РСК Банк» ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен бирге «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык кредиттерди бере баштады. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.

Кредиттер төмөндөгү багыттар боюнча берилет:

  1. «Жеңилдетилген ипотека» турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
  2. «Арзан ипотека» турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.

«Жеңилдетилген ипотека» – «Турак жай сатып алуу»

мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин

каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 4 млн сомго чейин

пайыздык чен: жылдык 4%

кредиттик камсыздоо: сатып алына турган турак жай

валюта: кыргыз сому.


«Жеңилдетилген ипотека» – «Жеке турак жай куруу»

мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин

каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 4 млн сомго чейин

пайыздык чен: 18 айга чейин курулуш мезгилинде жылдык 8%, аяктагандан кийин 4% менен

кредиттик камсыздоо: жер тилкеси (участогу)

валюта: кыргыз сому.

 «Арзан ипотека» – «Турак жай сатып алуу»

мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин

каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин

пайыздык чен: жылдык 8%

кредиттик камсыздоо: сатып алына турган турак жай

валюта: кыргыз сому

• кредит Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.

«Арзан ипотека» – «Жеке турак жай куруу»

мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин

каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин

пайыздык чен: 18 айга чейинки курулуш мезгилинде жылдык 12% аяктагандан кийин 8%

кредиттик камсыздоо: жер тилкеси (участогу)

валюта: кыргыз сому

  • кредит Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.

Эскерте кетсек, «Айыл Банк» ААК дагы «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында ипотекалык насыялоону ишке ашырууну жанданткан болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган