Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

YouTube’да акча тапкан санарип көчмөндөр

Назира Абдиева

Биздин каарман Айдай Эргешова бир топ жылдан бери Түркияда жашап, IT-компаниялардын биринде иштеп келген. Пандемия Айдайдын жашоо нугун өзгөртүп, ал Бишкекке кайтып келген. Ал азыр Lights Creative Group компаниясынын долбордоо менеджери болуп иштеп келет. Бул продакшн-студия ар кыл багыттагы Youtube каналдарды иштетүү менен акча табат.

Covid-19 пандемиясы бир жагынан чек араларды жаап, мүмкүнчүлүктөрдү чектесе, экинчи жагынан санарип дүйнөдө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

YouTube’да акча табуу реалдуу. Бул туурасында интернет желесинде толтура маалыматтар бар. Издөө системасына «видео блог менен кантип акча тапса болот?» деп жазсаңыз эле толгон-токой видеолордун шилтемелери чыгат. Блогерлер да бул туурасында дайым айтып турушат. Албетте, маалыматтын көбү англис, орус тилдеринде бирок кыргыз тилинде дээрлик маалымат аз.

2021-жылдын башында бул продакшн-студия Россия Федерациясы колдогон БУУӨПтүн «Санарип жөндөмдөрү жана санарип экономика шарттарында жаштардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү» долбоорунун алкагында кыргызстандыктарга YouTube’да акча табууну жөнүндө видео курсту иштеп чыгып, жаштарга үйрөтүп баштаган.

«Биздин курс – YouTube’да акча табуу жөнүндөгү 14 сабактан турат. Мындай айтканда алфавиттен башталат. Эң маанилүүсү – эки тилде. Бул аймактагы кыргыз тилдүү балдар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты», – дейт Айдай.

YouTube колдонуучуларга контент жаратуу менен дүйнөнүн каалаган жеринде олтуруп эле акча табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мында эң башкысы – креативдүүлүк жана ой жүгүртүү эркиндиги. Бекеринен үч жыл катары менен YouTube’да каражат тапкан блоггерлердин арасынан алдыңкы орунду көбүн эсе кичинекей балдар ээлеп келбесе керек. Мисалы, 9 жаштагы ютубер Райан Каджи өткөн жылы 30 млн доллар киреше тапкан.

«Нурлан биздин курстун катышуучуларынын бири, ал Ысык-Көлдүн айылдарынын биринде жашайт. Өзүнүн YouTube каналында кыргыз тасмаларына сереп салып, киреше табат, бирок азырынча кирешеси 100 доллардан ашпайт. Бирок, бул дагы болсо ийгиликтин башы», – дейт каарман.

Онлайн курстан жалпысынан 800 катышуучу өткөн. Айдай окуу процессине жооптуу болуп, балдардын окууну калтырбай, тапшырмаларды өз учурунда аткарууларын көзөмөлдөп турган. Сабактарды порталга жүктөп, сабактардын спикерлеринин ишин координациялап турду. Курста практикалык билим да берилди. Мисалы, порталдын эрежелерин бузбай контент түзүү, контентти акчага айландыруу, жаңы катталуучуларды чогултууну үйрөтүшкөн. Студенттер жеке каналдарын ачып, тегди туура коюп, темаларды ойлоп табып, ичин толтурууну өздөштүргөн.

«Биздин студенттердин көпчүлүгү өз каналдарында көптөгөн көрүүлөрдү камсыздап, катталуучуларды топтой алышты. Бул болсо түз киреше алып келет. 800 катышуучунун ичинен 300дөн ашыгы техникалык колдоого ээ болушту. 33 адам видео блогдон каражат таба баштады».

Курстун жыйынтыгында катышуучулар ар кандай темадагы контенттерди түзүшкөн: тамак жасоо, кино, балдар үчүн контент, каллиграфия, англис тилин үйрөтүүчү курс, саякат, көңүл ачуу темасындагы контенттер ж.б. Музыка, саякаттоо жана балдар контенти – YouTubeда көрүмдүү темаларга кирет. Айрыкча балдарга байланышкан видеолор көп көрүлөт.

«Бир окуучубуз жеке компаниясын ачып, өзү эле акча таппастан, кошумча жумуш орундарын дагы түздүү. Анын командасы анимациялык контент жаратат. Андыктан бир канча видеомонтаждоочулар, сүрөтчүлөр жана аниматорлор иш менен камсыз болду», – деп билдирди Айдай.

YouTube’дан айына 1000 долларга чейин табууга мүмкүн. Андан чоң да киреше алгандар бар. Бирок, мындай көрсөткүчкө аз эле киши жетет. Андыктан Айдай ютубердик кесипти азыраак нерседен баштоону сунуштайт: ал үчүн камерасы бар телефон, жарык жана монтаж жасаганга жеткиликтүү мобилдик тиркеменин болгону жетиштүү. Видео блог аркылуу акча табууну баштоодон мурун, адегенде YouTube’дун өнөктөшү болуу шарт. Ал үчүн 12 айдын ичинде каналыңызда кеминде 1000 киши катталып, видеолоруңуз 4000 саат көрүүгө ээ болушу керек. Ошондо гана акча табуу опциясы ачылат. Сумма 100 доллардан ашканда YouTube гонорарынан акча ала аласыз.

«Эгерде азыркы жумушумдан кетүүнү чечсем, жеке каналымды ачып, онлайн каражат тапканга аракет жасайм. Бул кирешелүү жана перспективдүү тармак. Анын үстүнө эркин дагы болосуң.. Кайсы бир жерге байланып калбайсың», – деди Lights Creative Group компаниясынын долбордоо менеджери Айдай Эргешова.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости