Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

11 жыл банк секторунда иштебеген адам Улуттук банктын төрагалыгына дайындалды

Назира Абдиева

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-сентябрдагы жыйынында «Кыргыз лото» мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындашты. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Буга чейин парламентте башка кызматка дайындалганына байланыштуу Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан ыктыярдуу отставкасын кабыл алышкан эле.

Эске салсак, Кубанычбек Бөкөнтаев «Мамлекеттик лотерея компаниясынын»  директорунун орун басары болуп иштеген. Анын убагында «Кыргыз лото» 25 млн сом чыгашага учураган.

Жыйында депутат Самат Исманов: «Сиз кичинекей мекемени жетектеп турганда 25 миллионго чыгаша болгондон кийин, Улуттук банкты башкарганга моралдык укугуңуз барбы?» – деп сурап жана банк тармагында иштебей калганына канча жыл болгонуна кызыкты.

Бөкөнтаев тыюу салынганына байланыштуу 11 жыл банк тармагына аралашпаганын айтты.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости