400 тонна жүгөрү талаада чирип кетүү коркунучунда турат

400 тонна жүгөрү талаада чирип кетүү коркунучунда турат


Дыйкандар КРдан жүгөрү экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салууну суранышууда. Болбосо жүздөгөн тонна түшүм жөн эле чирип кетет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРгы жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Шаршен Сыдыков билдирди.

«Жүгөрү – Кыргызстандын эң кирешелүү түшүмү. Быйыл 115-118 миң гектар жерге үрөн себилген. Болжолдуу түшүм 650-700 миң тоннаны түзөт. Республиканын жылдык талабы 250 миң тонна болсо, дыйкандарда 400 миң тонна бар. Экспортко тыюу салуу бизди таң калтырды. Түшүмдү эмне кылууну билбей жатабыз», – деди ал.

Ассоциациянын жетекчисинин айтымында, айыл-чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн түшүм сактоочу жайлары жок. Сатуу базары да жок. Алардын көбү жүгөрүнү талаада таштап, анын чирип кетүүсүнө мажбур болушат.

«Келерки жылы жүгөрү аз айдалат да, түшүм азаят. Мунун баары тоют баасына таасирин тийгизет. Натыйжада, эт жана башка мал чарба азыктары кымбаттайт», – деди Сыдыков.

Алардын берген маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлиги жүгөрү өстүрүүчүлөрдүн өтүнүчтөрүнө көңүл бурбай жатат. Эгерде эми эч кандай чара көрүлбөсө, дыйкандар митингге чыгууга аргасыз болушат.

Эске салсак, Кыргызстандан мал жана башка айыл чарба продукциясын экспорттоого убактылуу тыюу салуу Тилек Токтогазиев тарабынан 2020-жылдын 19-ноябрында киргизилген. Бул тыюу өлкөдөгү экономикалык абал турукташканча күчүндө болушу керек эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган