«Альянс Алтын» Талас облусунун экологиясын колдоого 9.7 млн сомдон ашык каражат бөлдү

«Альянс Алтын» Талас облусунун экологиясын колдоого 9.7 млн сомдон ашык каражат бөлдү

«Жерүй» кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы үстүбүздөгү жылдын II кварталында Талас аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына 9.7 млн сомдон ашык үзгүлтүксүз берилчү экологиялык төлөмдөрдү төлөдү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Мындан тышкары, компания атайын рекультивация фондуна 1 млн 215 миң сом өлчөмүндөгү ар айдагы пландалган төлөмдөрдү төлөгөн. 9-сентябрга карата атайын эсепте 26 млн 730 миң сом топтолгон.

Ошондой эле «Альянс Алтын» бардык зарыл болгон экологияны колдоого багытталган төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын маалымдады.

Калдык сактоочу жайдын аймагындагы кайра иштетүүчү комплекстин аймагына автоматташтырылган метеорологиялык станция (АМС) кайра орнотулду. Негизги климатологиялык параметрлер автоматтык режимде жазылат, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн ал заматта Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун (БАЖПИИ) компьютердик борборуна жөнөтүлөт.

«Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо максатында Кулун-Эмбес аймагында жайгашкан «Бакай» Күмбөзүнүн айланасындагы маалымат тактасы жана тосмо да калыбына келтирилди», – деп билдиришти компаниядан.

«Бакай» Күмбөзү реконструкциялоонун алдында:

«Бакай» Күмбөзү реконструкциялоодон кийин:

Маалыматка ылайык, скважиналар да дайыма көзөмөлдө турат. Ал кудуктарда жер астындагы суулар табылган эмес, бул демек, калдык сактоочу жайга коюлган геомембрананын бүтүндүгүн тастыктайт.

Мындан тышкары, «Жерүй» башкармалыгынын чарбасын жана ичүүчү суу менен камсыздоочу жер астындагы булактардан алынган ичүүчү сууга да мониторинг жүргүзүлгөн. Ичүүчү суу белгиленген коопсуздук көрсөткүчтөрүнө ылайык келет.

Бардык көрсөткүчтөрдү квартал сайын көзөмөлдөгөн «Чүй экологиялык лабораториясы» ЖЧК «Жерүй» кенин иштетүү айлана-чөйрөгө жана экологияга эч кандай терс таасирин тийгизбейт деп билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган