Эльдар Абакиров: Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек

Эльдар Абакиров: Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек

Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек. Мындай пикирин экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров «Марал» радиосунун эфиринде билдирди.

Ошондой эле ал Улуттук банк тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан финансылык технологиялар боюнча өзгөртүүлөрдөн күмөн санап турганын айтты.

«Финансы тармагында ишеним өтө чоң нерсе, Кыргызстанга ким акча берет-бербейт, Кыргызстанга инвесторлор акча салабы-салбайбы, айрым инвесторлор акчасын алып качып кетеби, бул түзмө-түз ишенимге байланыштуу», – деди ал.

Андан тышкары, ал радиого күмөндүү репутацияга ээ чет элдик банкир Владимир Фролов тууралуу да пикирин билдирди.

«Айрым депутаттар айтып жаткан Фроловду мен тааныбайт экем, бирок ал тууралуу интернетте бир да жакшы жаңылык жок. 2008-жылы Орусияда бир банкты банкрот кылып, башка бир банкка сатып жибериптир. 2014-жылы Орусиянын Борбордук банкы анын лицензиясын жокко чыгарыптыр. Ал мыйзамды бузуп, көп жаман иштерди кылыптыр. Жеке компанияларга ушундай таасир эткен кишини Кыргызстандын Улуттук банкына, Кыргызстандын мыйзамдарына жолотпош керек. Ага ишеним жок.  Ал тууралуу жаңылыктарды баары − инвесторлор, дүйнөлүк донорлор, спонсорлор окуп жатышат. Бул  Кыргызстандын рейтингине жакшы эмес», – деди экономист.

Абакиров ошондой эле «Кумтөрдүн» алтынын Улуттук банк эмне үчүн сатып ала албастыгы тууралуу да кеп козгогон.

«Кумтөрдүн» алтынын Улуттук банк сатып ала албайт, Сот иштери бүтө элек жатып, Улуттук банк «Кумтөрдүн» алтынын сатып алса, бул жалпы Кыргызстандын экономикасына, Улуттук банктын резервдерине, сомго таасир этет. Ошон үчүн Улуттук банк алтынды түзмө-түз сатып албаганы, менимче, туура эле. Сатып алгандан баштап, бизге ар кандай санкциялар киргизилиши мүмкүн, ага жол бербеш керек. Ал алтынды башка жолдор менен сатып алып, сатыш керек. Улуттук банктын алтынды сатып алуусу бүгүнкү күндө кооптуу», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган