Төрт өлкөнүн IT-парктары кызматташуу боюнча макулдашты
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Грузиянын IT-парктары кызматташуу боюнча макулдашышты. Меморандумга 29-сентябрда, кыргыз маалымат технологияларынын сегизинчи форумунун алкагында кол коюлган.
Тараптар парктын резиденттерин башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгарууга, стартаптарды биргелешип колдоого, ошондой эле IT секторуна инвестиция тартуу боюнча чогуу аракеттенүүгө макулдашты.
Макулдашуу жемиштүү жана узак мөөнөттүү кызматташтыктын негизин түзөт. Ошондой эле КРнын Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) директору Чубак Темиров бул ЖТПны өнүктүрүүнүн жаңы этабы экенин жана ошону менен өлкө регионалдык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи.