2021-2025-жылдарга электр энергиясына тарифтер бекитилди – ким канчадан төлөйт?

2021-2025-жылдарга электр энергиясына тарифтер бекитилди – ким канчадан төлөйт?

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кабыл алынган Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана кВт/саатына 0.77 жана 2.16 сом деңгээлинде калат. Айына 700 кВт/саатка чейин керектөө менен тариф кВ/саатына – 0.77 сомду, айына 700 кВт/сааттан жогору болсо, тариф кВт/саатына 2.16 сомду түзөт.

Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда кВт/саатына 0.77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.

Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет. Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6.3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн.

Жогорулатуу төмөнкү категорияларга тийиштүү:

  • насостук станциялар, алар үчүн тариф кВт/сааты 1.09 сомду түзүп, 31.6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда)
  • бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн, алар үчүн тариф кВт/саатына 2.52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда)
  • жогорулатуучу коэффициенттер колдонулчу коммерциялык түзүмдөрдүн энергия сыйымдуу керектөөчүлөрү (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору).

Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат. Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.

2021-жылы калк үчүн жылытуу тарифи өзгөрбөйт.

Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10% га жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт).

2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер дагы өзгөрүүсүз калат жана Гкал/981.76 сомду түзөт. Келерки жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер 14%га жогорулайт.

Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34.5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада, жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган