4-октябрда Улуттук банк МКОлорду кошумча жайгаштырууну ишке ашырат
Бүрсүгүнү, 4-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы мамлекеттик 2 жылдык казына облигацияларын аукциондон тышкары жайгаштырууну ишке ашырат. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат берилди.
Мамлекеттик баалуу кагаздардын кошумча эмиссиясынын көлөмү 500 млн сомго пландаштырылууда.
Облигациялардын кирешелүүлүгү 8.89% болсо, бир баалуу кагаздын наркы 93.01 сомду түзөт.
| Эмиссиянын № | GBA02231004 |
| Кошумча жайгаштыруунун көлөмү (млн. сом) | 500.00 |
| Кирешелүүлүк (%) | 8.89 |
| Баасы (сом) | 93.01 |
| Чыгаруу күнү | 04.10.2021 |
| Төлөө мөөнөтү | 04.10.2023 |